Айрым ири ишканалардын буга чейинки айыптык санкциялар боюнча туум карыздарын жоюу сунушу 3-окууда талкууланды

Жогорку Кеңеш 10-июнда ак ниет ири ишкердик жана чарбалык субъектилерге колдоо көрсөтүү жана алардын карыздарын кайра түзүмдөштүрүү максатында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан мыйзамдын долбоорун карап, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү.

Демилгечилердин берген маалыматына караганда, көп ишканалар кыйынчылык кездерде айрым салык түрлөрү боюнча карыз болуп калышкан. Азыр алардын туумдары улам арбып барат. Ошондон улам айрым ири ишканалардын буга чейинки айыптык санкциялар боюнча туум карыздарын жоюу сунуш кылынууда. Ансыз алар көтөрүлө албайт. Ошондо ишканалар атаандаштыкка жарап, киреше жана пайда салыктарын төлөй баштайт. 

"Ишканалардын негизги карыздары төлөнүүгө тийиш. Алар Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине киргенге чейин өз карыздарынан жеңилденип алышы керек. Эгер алар карыз бойдон кала берсе, көптөгөн кудуретсиз ишканалар пайда болуп, менчиктештирилип кетиши мүмкүн. Мыйзам долбооруна өкмөт да каршы эмес. Көмүскө экономиканы да ачыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт",- дешти демилгечилер.

Салык кызматынын өкүлү мыйзам кабыл алынып калса, негизги карыздардын төлөнүшүнө жол ачыла турганын билдирди. "Азыркы учурда негизги карыз да, анын туумдары дагы төлөнбөй турат",- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан