Дүйнөлүк банк аудиттик текшерүүнүн жаңы стандарттары менен усулдарын иштеп чыгуу багытында 630 миң доллар гранттык каражат бөлө турган болду

"КРнын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке ашыруу максатында №TF 017895 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 10-июнда карады. Депутаттар парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүштү.

Келишимге ылайык, Эсептөө палатасынын ишин жакшыртуу багытында Дүйнөлүк банк 630 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт.

Каржы министри Адылбек Касымалиев мекемедеги коррупциялык иштерди жоюу максатында аудиттин эл аралык стандарттарына өтүп жатканын билдирди. "Бул багытта Дүйнөлүк банк менен бирге бюджеттик мекемелер менен уюмдарга каржылык текшерүү жүргүзүүнүн жаңы стандарттары менен усулдарын иштеп чыктык. Гранттык каражат мына ошону ишке ашырыш үчүн жумшалат",- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан