“Ачык Ысык-Көл-2015” аттуу фестивалдын уюштуруучулары: "Каржы министрлиги иш-чараны уюштурганга бир тыйын да берген жок"

12-14-июнь күндөрү “Ачык Ысык-Көл-2015” аталышындагы III Эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда маалымат жыйыны учурунда Иван Гелетюк кабарлады.

Фестивалды уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы Иван Гелетюк каржылоо маселесине токтолуп: "Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чаралардын катарына биздин фестиваль да кирген. Тийиштүү жарлыкка ылайык, Каржы министрлиги каражат бөлүп бериши керек эле, бирок бир тыйын да бөлгөн жок. Эл аралык достукту чыңдоого ушундай иш-аракеттер көмөктөшкөндүктөн, мындай долбоорлорду өкмөт каржыласа жакшы болмок. Жыйынга чакырылган маданият министри Алтынбек Максүтовдун келбей калышы да кейитерлик көрүнүш",- деди.

Маалыматка караганда, фестивалдын максаты – эл аралык достук жана биримдикти чыңдоо. Иш-чара Бишкектен башталат. Анда 12-июнь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Эл аралык достук жана биримдикти чыңдоо” аталышында форум өтөт. Форумда ар улуттун жана дин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер достукту чыңдоо жана тынчтык орнотуу боюнча ой бөлүшөт.

Эске салсак, өткөн жылы фестивалга Орусия, Беларусь, Монголия, Казакстандан коноктор келишкен эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samina007
2015-06-11 14:05:23
келишкен болсо,быйыл келишеер бекен аэропортта иштеп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан