Нарын. Белгилүү журналист Мыктыбек Арстанбек ММК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 22-февралда Нарын облустук Жаштар ордосунунда “Халал” стандартташтыруу жана тастыктоо биримдигинин төрагасы Мыктыбек Арстанбек журналисттер менен жолугушуу өткөрдү. Айта кетсек, аталган биримдиктин өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен 3 күндүк коомдук угуу өткөрмөкчү. “Коомдук угуунун максаты - күнүмдүк тамак-ашта колдонулуучу адал эмес азык-түлүктөрдүн зыяндуулугу, гендик модификацияланган организмдер тууралуу элге маалымат жеткирүү. Мындан сырктары өлгөн малдын этин тамак-ашка колдонуунун терс жактары тууралуу лекциялар окулат. Коомчулукту өнөр-жайлардан же дүкөндөрдөн адал тамактарды талап кылууга үйрөтүү керек",-деди Мыктыбек Арстанбек.  Кошумчалай кетсек, бул уюмдун өкүлдөрү 3 күндүн ичинде касапчылар жана ашкана, кафелердин кызматкерлери менен да жолугушуу өткөрмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан