"Адам укуктарын коргоодо кыргыз эли менин колдоомо ишенсе болот",- дейт Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун. Башкы катчы бул тууралуу бүгүн, 11-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алынган сабактар жана анын келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда айтты. Анын жүрүшүндө Пан Ги Мун бул иш-чарада чыгып сүйлөө ал үчүн чоң сыймык экенин билдирди.
"Мен 2010-жылдын апрель айында кыргыз жерине келгенимди эстеп жатам. Андан бери 5 жыл өттү. Ошол убакыттан бери парламентаризмди өнүктүрүүдө ишке ашкан өзгөрүүлөрдү байкадым. Мында Жогорку Кеңештин ролу жогору. Бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын так чектеген Конституция кабыл алынды. Мындан тышкары адам укуктарын коргоого багытталган документтер кабыл алынды. Парламент коррупция менен күрөшүүдө негизги түзүмгө айланды",- деди ал.
Ошондой эле ал парламенттик көзөмөлдөөнүн жана отчёт берүүнүн деңгээли өскөнүн баса белгиледи. “Элдин ишенимине ээ болууга ар бир парламент үчүн көп убакыт керек. Депутаттар эң алгачкылардан болуп элдин үнүн угушу зарыл. Билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында системдик жакшыртууларга жетиш үчүн жарандык коом менен тыгыз мамиледе иштешүүгө кеңеш берер элем”,- деп кайрылды депутаттарга Пан Ги Мун.