Ошто сел алып кеткен ири көпүрөнүн курулушу башталды

Бүгүн, 11-июнда өкмөт жетекчиси Темир Сариев Ош шаарына жасаган бир күндүк иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Озгур суу сактоочу бекетинин жана сел алып кеткен көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Анын алкагында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу кыскача маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, аталган суу бекетинин 3-линиясын 2016-жылы бүткөрүү пландаштырылууда. Эгерде бекет ишке кирсе, анда Ош шаарынын тургундары ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болушат.

Премьер-министр таза сууну үнөмдүү пайдалануу жана курулуш иштеринин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүлүшүнүн зарылдыгын белгиледи. “Бул курулуп жаткан объектилердин баары жарандардын жашоо ыңгайын жакшыртууга багытталган. Өкмөт бул багытта ички мүмкүндүктөрдү пайдалануу аркылуу жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга умтулууда",- деди ал. 

Буга катар өкмөт башчы Ош шаарынын ички жолдорунун курулушу жана оңдолушу менен таанышып чыкты. “Жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө маани берилүүсү тийиш. Бул максатта өкмөт тараптан Ош шаарына 125 миллион сом каражат бөлүнгөн. Ал эми жалпы өлкө боюнча быйыл жолдорду оңдоо иштерине 1,5 миллиард сом жумшалууда. Жолдордун абалын жакшыртуу маселеси өкмөттүн келечектүү пландарынын катарына кирет”,- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан