Өз сөзүндө президент башкы катчыга кыргыз мамлекетинде акыркы 5 жылдын аралыгында жасалган иштерге жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. ”Биз Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосунда канатташ чек араларда кызматташууну бекемдөө боюнча Тынчтыкты жаратуу фондунун алкагындагы жаңы демилгеси үчүн БУУга абдан ыраазыбыз. Эске сала кетейин, кыргыз-тажик ортосунда канатташ чек аралар боюнча кызматташууну тереңдетүүнү көздөгөн тиешелүү документтерге жакында эле кол коюлган. Биз канатташ чек аралардагы бардык маселелерди чечүү боюнча активдүү иш жүргүзүп жатабыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.
“Кыргыз бийлигинин алдында көптөгөн көйгөйлөр, чече турган маселелер бар экендигин дагы жакшы түшүнөбүз. Биз өлкө элинин, дүйнөлүк коомчулуктун, тактап айтканда, БУУнун ишенимин акташ үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”,- деди Атамбаев.