Эртең, 12-июнда А.Осмонов атындагы КРнын Улуттук китепканасында Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, көрүнүктүү акын
Анатай Өмүркановдун 70 жылдыгына арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти.
"Ыр жараткан күндөр кандай, ай, кандай,
Ар сааты, ар мүнөтү майрамдай" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнөн тышкары окурмандар менен жолугушуу, поэзия кечеси өткөрүлөт.
Анатай Өмүрканов 1945-жылы Талас облусунун Манас районунда туулган. "Мөлтүр сезим", "Чабалекей", "Алтын өрөөн", "Күн жол", "Бар бол", "Биринчи кар" аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагынын автору.