Эртең, 12-июнда саат 10:00дө Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында сөзү жок сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул
тууралуу бүгүн, 11-июнда “Чыйрак үй-бүлө - күчтүү мамлекет” демилгечи тобунун өкүлдөрү билдиришти.
Маалым болгондой, фотокөргөзмө “Сүрөттөр сүйлөйт” деп аталып, эч кандай жазуусу жок сүрөттөр көрөрмандардын сынына коюлат.