Бүгүн, 22-февралда президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.
“Ардактуу кыргызстандыктар! 23-февраль күнү биз жоокерлерибизге, куралдуу күчтөрдүн ардагерлерине жылуу куттуктоолорду арнайбыз. Бирок кылым карыткан тарыхыбыздын эң татаал учурларында кыргыз мамлекеттүүлүгүн, эгемендигин коргоо үчүн аскерлер менен бирге карапайым мекендештерибиз дагы тикесинен тик турган. Элинин эркиндиги, мекенинин көз карандысыздыгы үчүн алар өмүрүн аяган эмес. Алар Кудайдын колдоосу менен элибизди, жерибизди сактап калышкан. Биз Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калгандарды, Ооганстанда, Баткен коогалаңында курман болгондорду, алыскы 37-жылы жана 2010-жылдын апрелинде келечек үчүн, Кыргызстандын эркиндиги үчүн кырчындай өмүрүн кыйып, «Ата Бейиттен» жай тапкандарды унутууга акыбыз жок. Биздин ыйык милдетибиз – Кыргызстанды сактап калуу",- деп башталган куттуктоодо Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн заман талабына ылайык кылууга аракет жумшала турганы айтылат. Өлкө башчы мекендештерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, токчулук жана тынчтык каалады.