* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы актёр Азиз Мурадиллаев Бишкек шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайга тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн. Азиз Мурадиллаев "Манастын уулу Семетей", "Ай тутулган түндө", "Каркыранын канаты", "Играем Андерсона" сыяктуу 40тан ашуун спектаклдерде ойноп, "Сүйүү сынагы", "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Жараланган турна", "Президент жана бомж", "Курманжан датка" ж.б. тасмаларда роль жараткан. Ал "Курманжан датка" тасмасындагы Алымбек датканын образын мыкты жараткандыгы үчүн "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2014-жылдын супер актёру" деп табылган.

* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы ырчы
Анжелика Бекболиева Бишкек шаарында төрөлгөн. 1-5-класска чейин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептен кыл кыяк боюнча билим алган. 11-классты борбордогу №38-орто мектебинен бүтүрүп, 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Жаңы маалымат технологиялары институтунун экономика бөлүмүнө тапшырып, аны 2013-жылы аяктаган.
Анжелика Бекболиева 1997-жылы чоң сахнага "Айчүрөк" эстрада театрында Марат Алыбаевдин "Каалоо" аттуу ыры менен чыккан. 2007-жылы "Өмүр багы", "Сагыныч" аттуу ырлары менен чыгып, жеке ырчы катары эмгектене баштаган. 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Ал эми "Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2005-жылдын супер ырчы айымы”, "2014-жылдын сахна ажары" наамдарынын ээси болгон.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Ооганстандагы террорчулардын туткунунан бошотулган кыргызстандык учкуч
Нургазы Конушбеков мекенине келген. Президенттин атайын тапшырмасы менен ведомстволор аралык түзүлгөн жумушчу тобу 28-майда Конушбековду бошотуу үчүн "Талибан" кыймылынын жетекчилиги менен Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн биринде жолуккан. Талибдер эч кандай акча талап кылбай, Конушбековду бошотууга макул болушкан. Учкучту талибдер мусулман болгондугу үчүн бошотушкан.

* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы түштүк кореялык "Ва Банк", "Айрис" сериалдарына катышкан актёр
Ли Бён Хон Түштүк Кореянын борбору Сеулда төрөлгөн. Ал “корей толкунун” жараткан “Ва-Банк” сериалында башкы каарманды ойногон. Андан сырткары "Айрис" сериалына, "У каждого есть секреты" (2004), "Горечь и сладость" (2005), "Хороший, плохой, долбанутый" (2008), "Бросок кобры" (2009), "Я видел дьявола" (2010), "Объединённая зона безопасности" (2000), "G.I. Joe: Бросок кобры 2" (2013), РЭД 2 (2013) тасмаларында роль жараткан. Ли Бён Хон бир гана актёр эмес, ырчы катары да таанылган.

* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы испаниялык актёр
Марио Касас Испаниянын Ла-Корунья шаарында туулган. Бала чагында болочок актёр спорт менен машыгып, келечекте элге жардамы тийген коргоо кызматкери же өрт өчүргүч болгусу келчү. Убакыт өтүп, актёрдук карьера өзү үчүн баарынан маанилүү жана кызыктуу экенин түшүнө баштайт. 8 жашынан баштап ар түрдүү жарнамалык түрмөктөргө тартылып, өзү үчүн жаңы дүйнөнү – актёрдук чөйрөнү ачат. Марио Касас 2010-жылы жарык көргөн "Ашыктык асманында" тасмасында Ачи аттуу жигиттин ролун жаратып, өзүн дүйнөгө тааныта алган. Тасманын экинчи бөлүгү "Ашыктык асманында. Мен сени каалап жатам" деген аталышта чыгып, анда да Ачинин образын мыкты аткарган.