Ысык-Көл. Жол кырсыгы болуп, 17 адам ооруканага жеткирилди

21-февралда Ысык-Көл облусунун Түп-Кеген унаа жолунда ичинде 37 жүргүнчүсү бар автобус кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин жол коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди. Белгилүү болгондой, Мицубиси Принцесс үлгүсүндөгү автобусту Бакыт Муканбаев аттуу адам башкарып келе жаткан. Натыйжада 14 адам ар кандай жаракат алып, учурда Ак-Суу, Түп жана Каракол шаардык ооруканаларында жатышат. Каракол шаарындагы облустук ооруканада учурда 3 адам медициналык жардам алууда. "Жүргүнчүлөрдүн баары Түп районундагы сыр заводдун эмгек жамааты экендиги белгилүү болду. Автобус катуу ылдамдыкта бара жатып, тең салмактуулукту жоготуп кырсыкка кабылган. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат",- дейт Калмурзаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан