Президент өлкөнүн жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 12-июнда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчынын куттуктоосу
"Урматтуу жеңил өнөр жайынын иштермандары! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайынын кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Жеңил өнөр жайы көп жылдардан бери республиканын экономикасынын алдынкы тармагы болуп келүүдө. Жарандарды иш менен камсыз кылууда жана элдин турмушун жакшыртууда олуттуу мааниге ээ. Кыргыз кийим тигүүчүлөрүнүн көп жылдык талыкпаган эмгеги менен “Кыргызстанда жасалган” деген белгиси бар продукция жакшы сапаттын көрсөткүчү болуп калды жана региондогу бир катар мамлекеттердин рынокторунда татыктуу орун алды. Бирок акыркы жылдары тармактагы ишкердик төмөндөй баштады. Мунун өзү көйгөйлөрдү гана билдирбестен, дүйнөлүк мода индустриясындагы динамикалык процесстерге туура келүүчү жаңы чыгармачыл чечимдерди издөө зарылдыгын айгинелеп жатат.

2015-жыл Кыргыз Республикасында "Улуттук экономиканы чыңдоо жылы" деп жарыяланган. Мамлекет улуттук товарларды атаандаштыкка жөндөмдүү кылуу жана жаңы рынокторго өткөрүү боюнча ишкерлердин демилгесине колдоо көрсөтөт. Өлкөбүздүн Евразия экономикалык бирлигине кошулуусу жеңил өнөр жайын мындан ары өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет.

Өлкөбүздүн жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдө кызматташуу жөнүндө Орусия, Казакстан жана Беларусь менен макулдашууга жетиштик. Ошол эле учурда кыргыз өлкөсүндө тигилген кийимдер продукциясынын сапатын жакшыртуу жана жаңы технологияларга ээ болуу керек. Бул багыт салттуу болуп калган рыноктордо бекемделүүгө жана Евразия мейкиндигиндеги рынокторго чыгууга негиз болуп берет.

Республиканы туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун бири – “Текстиль - кийим тигүү өндүрүшү үчүн технополис”. Бул долбоор республиканын аймактарын өнүктүрүүдө жана экспорттук дареметти күчөтүүдө өзгөчө мааниге ээ. Технополистин аймагында дээрлик 10 миң жумуш оруну бар бир катар текстилдик-кийим тигүү ишканаларын түзүү каралууда. Тармакты мындан ары өнүктүрүү жана текстиль, кийим тигүү өндүрүшүн күчөтүү үчүн өкмөт өлкөбүздө технополистерди уюштурууну тездетиши керек.

Улуттук экономиканы чыңдоо жолунда бардык кыйынчылыктарды биргелешип жеңип чыгабыз! Тармактагы мыкты адистер жеңил өнөр жайындагы жетишкен ийгиликтерди арттырууга бардык күч-аракетин жумшайт деп терең ишенем. Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана байгерчилик каалайм. Мекенибиз бейпилдикте гүлдөп-өнүгө берсин!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан