2012-жылы Бишкектеги аз камсыз болгон жарандарга 165 миллион сомдук жардам берилген

2012-жылы  Бишкек шаарындагы 74 миң 400 аз камсыз болгон жаранга 165 миллион сомдук жардам берилген. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Ал эми калктын аз камсыз болгон катмарына паспорт алып берүү жагын да колго алышканын Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 22-февралда пенсионерлер менен болгон жолугушуусунда билдирди. Ошондой эле жолугушуу учурунда шаардык коммуналдык чарба, газ, унаа тууралуу маселелер көтөрүлдү. Мэр жолугушуунун катышуучуларына өздөрү жашаган жердин тазалыгын сактоого чакырды. “Таштандыдан шаарды тазалоо боюнча иштер жылдан-жылга күчөтүлүп жатат, бирок андан арыла албай келебиз. Эми ар бир район бак-дарактарга кам көрүп, өздөрүнө тиешелүү жерди тартипте кармоого өтөт”,- деди Өмүркулов.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан