Бишкекте кол өнөрчүлөрдү колдоо максатында көргөзмө-жарманке өтүүдө

Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында кол өнөрчүлөрдү колдоо иретинде көргөзмө-жарманке өтүүдө. Иш-чара Биринчи Май администрациясы тарабынан уюштурулуп, ай сайын өткөрүлүп келет. Жарманкеге 20дан ашык кол өнөрчү катышууда. Алар кийизден, шурудан, булгаарыдан жана таштан жасалган буюмдарды кардарлардын сынына коюп, сатып жатышат. Көргөзмө 15-июнга чейин созулат. 

Айта кетсек, жарманкеге туристтер жана шаар тургундары көп келгени менен, сатып алуу жагынан чет өлкөлүктөр биринчи орунда экени белгилүү.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан