Жылнаама, 13-июнь: Мындан 95 жыл мурун АКШнын почта кызматы тарабынан балдарды "посылка" менен жөнөтүүгө тыюу салган эреже киргизилген

* Мындан 95 жыл мурун, 1920-жылы Кошмо Штаттардын почта кызматы тарабынан балдарды "посылка" менен жөнөтүүгө тыюу салган эреже киргизилген. "Посылка" менен биринчи жана акыркы жолу 4 жаштагы Мэй Пристофф жөнөтүлгөн. Анын ата-энеси Айдахонун бир башынан экинчи башына 53 цент менен салып жиберишкен. Бул окуядан кийин почта кызматы мындай ыкманы колдонууга тыюу салган. Ал учурда "посылка" менен жаныбарларды салып жиберүү көнүмүш болгон. Бир гана тоокторду ташууга мүмкүн болгон эмес, себеби алар тынчтык бербей, кырсык болсо качып кетишчү.
 
* Мындан 75 жыл мурун, 1940-жылы Чингачкуктун образын мыкты аткарган югославиялык актёр, режиссёр жана каскадёр Гойко Митич Югославиянын Лесковац кыштагында туулган. Белграддагы Дене тарбия академиясын бүтүргөн. 
1960-жылдары “Дефа” аттуу немис студиясы индейлер тууралуу кино тартууну баштайт. Бул тема буга чейин ачыла элек болгондуктан, өзгөчө кызыгуу жаратып, ошол кездерде индеомания дүйнөнү каптап турган. Анда югославиялык Гойко студент болгон. Югославияда индейлер тууралуу тасмага дублёр керек экенин уккан студенттер аз да болсо акча таап алуу үчүн кино тартуучу топко келишет. Гойконун ат үстүндөгү трюктары киночуларды таң калтырат. Алар бул жигит кыйын каскадёр гана эмес, жүзү экранга төп келгендей сулуу экенин да байкашат. Америкалык режиссёр Конуэл Уайльд бул учурда Югославияда “Ланселоттун кылычы” аттуу фильм тартууну көздөп жүргөн. Өзү башкы ролду аткарып, Митичти дублёр кылат. Бул чоң ишенимдин белгиси болгон. 
1964-жылы режиссёр Йозеф Махаттунун чакыруусу менен Гойко “Чоң аюунун балдары” аттуу индейлер тууралуу тасмада башкы ролду ойногон. Андан соң “Чингачкук – чоң жылан”, “Ак карышкыр” тасмалары тартылат. Өткөн кылымдын 1960-жылдарынан 1970-жылдарына чейинки 10 жылдыктын ичинде индеомания өкүм сүрүп, Гойко Митич катары менен 15 фильмге тартылган.
* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы америкалык эгиз актрисалар Мэри Кейт менен Эшли Олсендер Лос-Анжелес шаарында төрөлүшкөн. Кийинки жылы эле 9 айлык эгиз кыздарды биринчи жолу “Полный дом” сериалындагы Мишель Теннердин ролуна алмак-салмак тартышкан. Ушундай жол менен шоу-бизнеске аралаша баштаган Мэри Кейт менен Эшли кийинки 21 жыл аралыгында бир канча киного чеберчилик менен тартылуунун артынан атак-даңкка жетишкен. Актрисалар "Мгновения Нью-Йорка", "Мексиканские приключения", "Однажды в Риме", "Побеждая Лондон" ж.б. тасмаларга тартылышкан.
13-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bors
2015-06-13 13:49:37
Гойко Митич чыныгы актёр азыркы жаны кандай филимдери бар болсо кандай аталышта жазсанар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан