
* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы V чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан ЖКнын депутаты
Ахматбек Келдибеков Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1990-жылы Воронеж политехникалык институтунун автоматташтыруу жана машина курууну роботтоштуруу факультетин, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин финансы жана кредит адистиги боюнча артыкчылык менен, КРнын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын юрист адистиги боюнча бүтүргөн. 1984-1986-жылдары Советтик Армиянын Грузиянын Кутаиси шаарындагы аба-десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Эмгек жолун 1986-жылы Ош облусунун Алай районундагы “Правда” совхозунда жумушчу болуудан баштаган. 2010-жылы “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы ырчы
Азамат Сарыбаев Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияны аяктаган. Андан соң Улуттук консерваторияга тапшырып, Улукмырза Полотовдун колунан билим алган.
Азамат Сарыбаев "Аппагым", "Бульварым" аттуу ырлары менен популярдуулукка жетишкен. Анын аткаруусундагы Сардарбек Жумалиевдин "Бульварым" аттуу чыгармасы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер ремейки" деп табылган.

* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы режиссёр, продюсер
Канат Култаев Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. "Дастан" техникалык университетин бүтүргөн. 2004-жылы "Кыргыз телерадиосунун эң мыкты режиссёру", 2006-жылы КРнын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы, 2006-жылы Мамлекеттик телерадиоберүүкомпаниясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
* Мындан 119 жыл мурун, 1896-жылы Япониянын Хонсю аралындагы Санрику аттуу аймагында күчү 7,2 баллга жеткен зилзала болуп, ал цунамини пайда кылган. Зилзаланын жана цунаминин кесепетинен 22 миң адам каза болгон.