"Датка-Кемин" электр берүү линиясы 31-августта ишке берилет

"Датка-Кемин" электр берүү линиясы 31-августта ишке берилет. Бул тууралуу 13-июнда премьер-министр Темир Сариев Токтогул ГЭСинин иши менен таанышуу учурунда белгилүү болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Сариев ГЭСтеги суунун абалы, андагы оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу кабар алды. Иш сапардын жүрүшүндө премьер-министр өлкөнүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, энергетикалык ишканалардын, бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Анда Токтогул суу сактагычындагы абал, энергетика жаатындагы көйгөйлүү маселелер, техникалык жоготууларды азайтуу, тармакты эффективдүү башкаруу, сууну үнөмдүү пайдалануу маселелери козголду. Өкмөт башчы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевден Токтогул суу сактагычындагы суу сатуу маселеси боюнча так түшүндүрмөнү талап кылды.

Министр аталган суу сактагычтагы сууну сатуу мүмкүн эместигин билдирди. Ошол эле учурда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, техникалык жоготуулар 22 пайызды түзөт.

Премьер-министр энергетиктердин алдында техникалык жоготууларды азайтуу, коррупцияга каршы иштерди жүргүзүү, тарифтердин түзүлүшү боюнча калкка туура маалыматтарды жеткирүү маселеси тургандыгын баса белгиледи. “Энергетика – эл байлыгы, андагы коррупциялык схеманы жоюу менен калкты үзгүлтүксүз түрдө жарык менен камсыз кылуу керек. Техникалык жоготуулар бул тармактагы коррупциянын, уурдоонун кесепетинен келип чыгууда. Ошондуктан жоготуулардын аягын тыйып, тармактагы менеджментти жакшыртуу зарыл”,- деп белгиледи өкмөт башчы.

Сөзүнүн жыйынтыгында энергетиктердин алдына тармактагы жоготуулардын көлөмүн кескин төмөндөтүү тапшырмасын койду. Ошондой эле 1-июлга дейре ар бир ишканадан жекече иш планын иштеп чыгууну талап кылды. Өлкөнүн Улуттук электр тармактар ишканасынын башкы директору Медетбек Айткуловго энергетикадагы жоготуулардын көлөмүн 5 пайызга дейре азайтуу тапшырмасын койду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан