Камчыбек Ташиев: "Башкы прокурор Аида Салянованы күчкө салып болсо да сотко алып келиш керек"

Бишкекте "Ата Журт" партиясынын айрым депутаттары боюнча сот иши уланууда. Анда сөз сүйлөгөн депутат Камчыбек Ташиев башкы прокурор Аида Салянованын сотко келбегенин сынга алды. “Аида Саляновага сотко чакыруу жөнөтүлгөн, бирок ал бүгүнкү сот отурумуна келген жок. Бул мыйзамды жана сотту сыйлабагандык. Эгер керек болсо, аны күбө катары сурак берүүгө күчкө салып болсо да алып келиш керек”, – деди Ташиев. Сотко төрагалык кылган судья Адылбек Субанкулов депутаттын бул өтүнүчүн канааттандырган жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан