Ош. Президент 80 аскер кызматкерине батирлердин ачкычтарын берди

Бүгүн, 15-июнда президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында болуп, шаарда аскер кызматкерлери үчүн салынган көп кабаттуу турак үйдүн ачылыш аземине катышты. Иш-чарада президент өз колу менен 80 аскер кызматкерине үйдүн ачкычын тапшырды. 

Президент өз сөзүндө аскер кызматкерлерин турак жайлар менен камсыз кылуу мындан ары да уланарын билдирди. "Быйыл мындай дагы 2-3 салтанатка барам деген оюм бар. Бул үйлөрдө тынчтык, ынтымак, биримдик болсун. Балдарыңар бактылуу өсө берсин. Алар ойной турган жайды кеңейтүүгө жана үйлөрдүн айланасын жакшыртууга акча бөлүп берейин",- деп президент 500 миллион сомду Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысына тапшырды. 

Айта кетсек, аскер кызматкерлери үчүн салынган эки турак үйдө жалпысынан 80 батир бар, алардын 60ы бир бөлмөлүү жана 20сы эки бөлмөлүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан