
* Мындан 92 жыл мурун, 1923-жылы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин мурдагы көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру, СССРдин Эл артисти, КРнын Баатыры
Асанкан Жумакматов Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата айылында болуштун үй-бүлөсүндө туулган. Ал Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эмгек Кызыл Туу жана III даражадагы Манас ордендери менен сыйланган. Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Асанкан Жумакматов 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салган.

* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Кыргыз Эл жазуучусу
Төлөгөн Касымбеков Бишкек шаарында каза болгон.
Кыргыздын чыгаан жазуучусу, көркөм сөздүн чебери, коомдук ишмер Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы 15-январда Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп эмгектенген. Т.Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүргөн.
Учурунда кыргыз адабиятындагы тарыхый роман жанрын жаңы сереге көтөргөн "Сынган кылыч" тарыхый романы (1966) мурдагы Советтер Союзунун дээрлик бардык элдеринин тилдерине которулган. 1980-жылы "Прогресс" басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. Ал эми 1986-жылы "Кел-кел" романы жарык көргөн.

* Мындан 90 жыл мурун, 1925-жылы Крымдын Гурзуф шаарчасында айтылуу советтик “Артек” пионерлер лагери ачылган. "Артек" деген ат ошол чөлкөмдөгү жердин аталышынан алынган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында "Артек" Крымдан Сталинградга көчүрүлгөн. 1944-жылы Крым немистердин курчоосунан бошотулганда гана кайрадан мурунку жерине жайгашкан.
Эл аралык балдардын эс алуу лагерине Советтер Союзунун жана чет өлкөлүк балдар үчүн учурунда жолдомо алуу жогорку даражадагы сыйлык менен барабар болгон. Анткени Советтер Союзунун курамындагы мамлекеттер үчүн жылына ар бир райондон бир же эки гана өкүл жөнөтүлгөн. Алардын катарында дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу инсандар Леонид Брежнев, Юрий Гагарин, Индира Ганди, Никита Хрущёв, Жавахарлал Неру, Валентина Терешкова, Лев Яшин, Барак Обама, Юлия Тимошенко жана башкалар балалык доорунун бир бөлүгүн ушул жерде өткөрүшкөн.

* 200дөн ашуун тасмаларда роль жараткан индиялык популярдуу актёр
Митхун Чакраборти мындан 65 жыл мурун, 1950-жылы Бенгалиянын түндүгүндө жайгашкан Калькутта шаарында төрөлгөн.
Алгачкы жолу Митхун Чакраборти киного тартылууну Дулал Гухтун “Два незнакомца” фильминде эки мүнөттүк эпизоддо ойноо менен баштаган. Мындан көп узабай эле “Королевская охота” аттуу фильмде башкы каармандын ролун жараткан. 1976-жылы бул кино экран бетине чыгып, улуттук кинофестивалдан “Алтын лотос” сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми Митхун Чакраборти өлкөнүн мыкты актёру деп табылган.
Карьералык даражасынын жогорулоо мезгили 1980-жылдарга туура келет, анткени Митхун Чакраборти режиссёр Баббар Субхаштын “Танцор диско” аттуу чоң долбооруна чакыруу алат. 1982-жылы бул кино жарыкка чыгып, Митхун популярдуулуктун туу чокусун багындырган.

* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы биринчи аял космонавт
Валентина Терешкова советтик “Восток-6” кемеси менен космоско учуп, анын учуу мөөнөтү үч күн-түнгө созулган. Терешкованын шарттуу ысымы "Чайка" ("Ак чардак") болгон. Ал 48 жолу Жерди айланып чыккан.