Темир Сариев биометрикалык каттоо боюнча жыйын өткөрдү

15-июнда өкмөт башчы Темир Сариев өлкөдөгү биометрикалык маалыматтарды топтоонун жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти. 

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова жарандардан биометрикалык маалыматты топтоонун жүрүшү, биометрикалык маалыматтарды сактоонун коопсуздук чаралары тууралуу, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Жогорку Кеңештин шайлоосуна даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Сарпашевдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 2 551 490 жаран биометрикалык маалымат тапшырды. Биринчи вице-премьер-министр аталган маалыматтар боюнча шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Сариев алдыдагы парламенттик шайлоону ачык-айкын жана мыйзамдын негизинде өткөрүүдө биометрикалык каттоонун мааниси жогору экенин белгиледи.

“Шайлоону ачык-айкын уюштуруу, керектүү шарттарды түзүү боюнча өкмөт бардык жоопкерчиликти өз моюнуна алган. Учурда бул милдетти толугу менен аткарууга аракеттер көрүлүп жатат. Алдыдагы убакыт ичинде биз даярдыкты күчтөп, бардык маселелерди чечип алуубуз зарыл”,- деди ал.

Жыйын соңунда Сариев биометрикалык маалыматтарды топтоо жараянын тездетүү, топтолгон маалыматтардын коопсуздугун сактоону күчөтүү жана жарандарга түшүндүрүү иштерин жакшыртуу тапшырмасын берди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан