Бүгүн, 22-февралда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жаңы дайындалган Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Абдулда Суранчиевди министрликтин жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. “Шамиль Атаханов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Абдулда Суранчиев дайындалды. Ишеним менен айта алам, өкмөт реформанын аягына чыгат. Абдулда Суранчиев өзүнүн ишин жана министрликтин системин жакшы билет. Бул адам катардагы милиция кызматкеринен баштап, министрдин орун басарлыгына чейин жеткен”,- деди Сатыбалдиев. Азырынча Атахановдун кайсы кызматка которулгандыгы тууралуу маалымат айтыла элек.