Асылбек Жээнбеков Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 15-июнда Казакстан Республикасына болгон иш сапардын алкагында Астана шаарында Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Касым-Жоомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. 

Кыргыз мамлекетинин Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулушу, Парламент аралык кеңештин түзүлүшү, ар тараптуу мамилени мындан ары дагы жакшыртуу жолугушуунун башкы темасы болду. Ошондой эле алакаларды арттыруудагы орчундуу маселелер боюнча пикир алышты.

Жээнбеков кесиптешин кыргыз өлкөсү менен Казакстандын парламенттеринин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламент аралык кеңештин түзүлүшү менен куттуктады. Төрага бул парламент аралык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө ташталган олуттуу кадам деп баалады. “Биз дайыма бири-бирибизди колдоп, макулдашуу жолу менен биргелешкен чечимдерди кабыл алып келебиз. КМШнын Парламент аралык ассамблеясы, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясы сындуу уюмдардын алкагындагы кызматташтыгыбыз өнүгүүдө”, - деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кошулуусу боюнча бардык ички процедуралар аяктаганын кабарлап, кесиптешин келишимди чукул арада ратификациядан өткөрүүгө чакырды. “Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүү процессинде Казакстан тараптан чоң колдоо болду. Кыргыз мамлекетинин бул биримдикке кошулушу боюнча жол картасын жүзөгө ашыруу максатында кыргыз-казак биргелешкен инвестициялык фондуна 100 миллион доллар бөлүү тууралуу чечим кабыл алынган. ЕАЭБ боюнча келишимдин күчүнө кириши соода-экономикалык байланыштын жаңы этабына жол ачат”,- деди Жээнбеков.

Жолугушуунун жүрүшүндө төрага эки мамлекеттин ортосунда саясий-экономикалык мамиле менен катар маданий, гуманитардык алака өсүп баратканын белгиледи. Ал Астана шаарындагы чоң көчөлөрдүн бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылганын мисал келтирди. “Биздин тарыхыбыз, дилибиз, тилибиз бир, бир тууган элбиз. Маданият элди бириктирет, ынтымакты арттырат”,- деди ал.

Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы К.Токаев бул айтылган сөздөрдү кубаттап, эки өлкөнүн ортосундагы жана парламент аралык кызматташууга жогору баа берди. Ал Казакстан кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кошулушун башынан бери колдоп келе жатканын, келишимди Сенаттан ратификациядан жакын арада өткөрүүгө аракет кыларын кошумчалады. “Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кошулушун кубаттайбыз. Келишимди тез арада ратификациядан өткөрүүгө болгон күчүбүздү жумшайбыз. Бул жолугушууда айтылган олуттуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулат”,- деди Токаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан