Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарова Австриянын Вена шаарында 21-22-февраль күндөрү өтүп жаткан Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын 12-кышкы сессиясына катышууда. Акназарова ЕККУ ПАнын Экономикалык маселелер, илим, технология жана айлана-чөйрө боюнча экинчи комитеттин төрагасынын орун басары. Учурда экинчи комитеттин жыйынына төрагалык кылууда.