22-февралдан 25-февралга чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет. Айта кетсек, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымында, Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымында кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.