Букмекерлер кыргыз футболчуларынын Австралия менен тең чыгарына жана жеңерине ишеним артышкан жок

Бүгүн, 16-июнда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков стадионунда кезектеги Дүйнө чемпиондугунун (Орусия-2018) тандоо турунун алкагында кыргыз мамлекетинин курамасы менен Австралия кез келет. 
Австралиянын күйөрмандары "майдандагы төшөлгөн чөп начар" деп, беттеш кыйын болорун айтып жатышат. Ал эми жергиликтүү күйөрмандар "кыргыз футболчулары утат" деген пикирди (албетте, утулат деп божомолдогондор да көп) карманышууда. Ал эми спортко байге койгонго шарт түзгөн букмекерлер 1 ооздон жеңишке башкы талапкер катары Австралияны карап, кыргыз футболчуларынын жеңерине, тең чыгууну камсыздаарына, атүгүл гол киргизерине ишенимди аз көргөзүп жатышат. 

Көрсөтүлгөн коэффициенттер төмөнкүчө: 

Кыргыз футболчулары жеңет: 17.70

Тең чыгуу катталат: 6.55

Австралия жеңет: 1.12      

Кыргыз футболчулары гол киргизишет: 2.70 

Кошумчалай кетсек, букмекердеги систем боюнча, кайсы бир окуянын ишке ашуу ыктымалдуулугу арткан сайын ага каралган коэффициент азайып жүрүп отурат. Букмекерлердин пикири боюнча, кыргыз футболчулары жеңишке жетишпейт жана мунун ишке ашуусу күмөн деген пикирде 17.70 коэффициент каралган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Dadasdasd
2015-06-16 12:02:38
Аллах билет баарын. Алга Кыргызстан!
+2
Pazyl
2015-06-16 12:04:08
Женип калса биз да ушундай болот деген елек десенер керек
-1
nursultan1
2015-06-16 12:07:05
Букмекерлер 17 коэффициент берсе, биз өзүбүздүн курамабызга 1.7 беребиз жана албетте жеңебиз!!!
-1
kumushbek.kuttubekov
2015-06-16 12:14:46
алга алга жана алга
-1
NurbekKG
2015-06-16 12:22:02
Жакшы ниет, жарым ырыс дейт - бул учурда бизге жакшы ниет, жарым жеңиш болуп турат. А калганын убакыт жана оюндун жүрүшү көрсөтөт! Ийгилик жана алга биздин футболчулар...
+1
Patriot...kg
2015-06-16 12:25:03
Алга кыргыз! Кудай колдоп утуп алсак мындан да соонун болот. Кудайдан тилегиле кудай берешен мээримдүү берем десе олчойтуп берип койот. Утабыз буйруса
+1
kadamjai90
2015-06-16 12:39:54
Кыргызстан алга биз ишенебиз силерге
+1
Bors
2015-06-16 12:49:05
Утайлыда жок дегенде тен чыгалы болбой баратса аз очко менен утулалы дуйного уят кылып 10-0 утуп алышса шерменде болобуз ютиб биздики болот анда.
+2
Ima12
2015-06-16 16:19:49
Bors, ahaaha tui ata jyrgap kulup aldym))) chyn ele jok degende azyraak ochko menen jengilelichi )))
0
Danel
2015-06-16 12:54:51
Никогда не здавайся дейт, бугунку оюнда Кыргызстанымды кудай колдосун. Биз женебиз!
+1
NARYNGRAD
2015-06-16 13:19:20
Пенденин оозунда болсо кудайдын кулагында дейт элибизде, анын сынарындай кандай тилек кылсак ошол аткарылат. Женет десек женет. Кудайым буюрса Кыргызстан курама командасы 3:0 эсебинде женишке жетишет!
+3
FIRDAUS
2015-06-16 14:10:23
Букмекерлердин божомолу анан ставкасы жок эле Австралия фаворит талашканда эмне бирок бир чудого ишенели .
0
Esenali
2015-06-16 16:28:45
Топ тоголок баарын алдында оюн корсотот, биз женебиз алгаа Кыргызстан!!!
+1
dosboss
2015-06-16 16:57:37
Буга чейин жеңилип келген болсок бул ирет жеңебиз Кудай буйруса!
0
dosboss
2015-06-16 16:58:48
Австралия быйыл Азияда чемпион болуптур го 1-жолу... Бирок биздин команда керемет көрсөтөт деген үмүттөмүн!
0
Maksat81
2015-06-16 17:00:08
"Жери тартат" анын сынарындай абасы, суусу биздики эмеспи, бир нерсе болуп калаар. Алга кыргызстан!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан