Хакасияда этникалык ырлар боюнча өткөн "От ыры" IV Эл аралык фестиваль-сынагына катышкан кыргыз ырчылары
Адилет Азимов жана
"Асман" дуэти ийгиликтүү кайтышты. Сынак 8-14-июнь күндөрү өткөн.
Бүгүн, 16-июнда
SUPER.KG порталына фестиваль-сынакта калыстар тобунун катарын толуктаган КРнын Эмгек сиңирген артисти
Айчүрөк Иманалиева:
"Бул жеңиш бир гана катышуучулардын эмес, бүт өлкөнүн жеңиши болду",- деп билдирди.
Ырчынын айтымында, сынакка Азербайжан, Чехия, Латвия, Молдова, Кытай, Тажикстан, Орусия, Сербия, Бурятия, Алтай, Хакасия жана Кыргыз Республикасынан жалпы 24 катышуучу барган.
"Сынактан кечээ келип, кубанычта болуп турабыз. Эл аралык калыстар курамын толуктадым. Эл аралык сынактарда таланттарды баалоо үчүн биринчи жолу барган жокмун. Бардык жерден сыйлык алып келе жатабыз. Хакасиядагы сынакта балдар жеңишке татыктуу чыгышты. Анда этно-жаз, этно-рок, этно-поп ырлары аткарылды. "Асман" дуэти экинчи орунду алды. Адилет Азимов болсо баш байгени алып келди. Афишанын биринчи катарында "Фестивалдын гала-концерти кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусунда өтөт" деп жазылганын көрүп аябай сыймыктандык. Катышуучуларды баалап жаткан калыстар да ырдап чыктык",- деди Айчүрөк Иманалиева.