Жеб Буш АКШ президенттигине ат салышарын жарыялады

Флорида штатынын мурунку губернатору, АКШнын 43-президентинин иниси Жеб Буш келерки президенттик шайлоого талапкер болуп чыгарын жарыялады. Мындай пикирин республикачыл саясатчы 15-июнда Майамидеги митингде билдиргенин чет элдик ММКлар жарыялашты. "Мен Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине талапкермин",- деген Буш карыздардын өсүшү, экономиканын жай өсүп жатышы, салыктардын жогорулашы жана коргонууга чектен ашкан каражаттардын жумшалып жатышы боюнча демократтарды сындады. "Мындай саясаттын дагы 4 жылга уланышын каалабайм",- дейт Жеб Буш. 
Айта кетсек, Жеб Буш АКШнын 41-президенти улуу Жорж Буштун уулу жана өлкөнүн 43-президенти кичүү Жорж Буштун иниси. 
АКШда президенттик шайлоо 2016-жылы өтөт. Буга чейин демократтардын атынан президенттикке талапкер болуп чыгарын Хиллари Клинтон жарыялаган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан