19-июнда борбордо сүрөтчү Ажыбек Абдрахмановдун "Мезгил учат" аттуу көргөзмөсү ачылат

Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 19-июнда Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Ажыбек Абдрахмановдун "Мезгил учат" аттуу көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.
Өзүнүн көргөзмөсү тууралуу: "Ар бир адамдын өзүнүн кичи мекени, туулуп-өскөн жери, өз тагдыры болот. Менин төрөлүп, чоңоюп өскөн, балалыгым өткөн жер - Кочкор районунун Ак-Кудук айылы. Ушул өрөөндө менин эң бактылуу күндөрүм өттү. Өзүм эңсеген сүрөт окуу жайын 1988-жылы бүткөндөн бери ушул кесипти аркалап келем. 
Искусство деген касиеттүү дүйнөнүн чачышкан желесине аралашып алгандан кийин өз көз карашыңды, жашоодогу өз ордуңду тапканга аракет кылат экенсиң. Ушул ары азаптуу, ары жыргалдуу жолдо туура багытта бара жатамбы же жокпу деп түйшөлүп, санаага батат экенсиң. Менин жеке көргөзмө ачып жатканымдын негизги максаты ушул. 
Көргөзмөнүн темасы айтып тургандай, менин чыгармаларым да ушул мезгилге байланыштуу. Мезгилди кармап, токтотууга эч мүмкүн эмес экен. Өзүң тарткан сүрөтүңө, ошого жумшаган аздыр-көптүр аракетиңе гана каниет кылат экенсиң. Менин чыгармачылыгыма түрткү берген сезимдерди гана иш жүзүнө ашырууга умтулуп, эң жөнөкөй гана каражаттарды пайдаланып, адам менен жаратылыштын айкалышкан жашоосун көрсөткүм келди",- дейт сүрөтчү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан