“Башкы прокуратура “Кумтөр” кени боюнча иштерди кароодо мурдагы башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевди суракка алыш керек”. Мындай пикирин бүгүн, 22-февралда «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында депутат Эркинбек Алымбеков билдирди. «Мурдагы Адилет министри Курманбек Осмоновду да суракка алууну сунуштайбыз. Абдылдаев башкы прокурор болуп туруп, 2003-жылы келишим мыйзам бузуу менен түзүлүп жатса да чара көргөн эмес. Чара көрсө, ошону далилдесин»,- деди депутат. Ошондой эле ал башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованы бул иштерди кароодо акыйкат болууга чакырды.