Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги “Эмен багы” (“Дубовый парк”) галереясында белгилүү сүрөтчүлөрдүн “Тоо жаңырыгы” аттуу көргөзмөсү ачылды. Анда “Жаңырык” (“Эхо”) сүрөтчүлөр тобунун катышуучулары Байдылда Арыков, Жумабек Базарбаев, Эркин Бейшенбаев эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына коюшту. Байдылда Арыковдун айтымында, сүрөтчүлөр бул көргөзмө менен адам баласынын жашоого болгон ар башка көз карашын жеткирүүгө аракет кылышкан.
“Бул жерде көрсөтүлгөн сүрөттөрдө биздин – чыгармачыл адамдардын жашоого болгон көз карашы чагылдырылган. "Биз кантип өз өлкөбүзгө жардам берсек болот? Канткенде элдин турмушу оңолот же болбосо глобалдык мейкиндикте кайда баратабыз?" деген сыяктуу суроолорго жооп берүү же жооп издөө болду. Анан бул көргөзмөнү атайын “Тоо жаңырыгы” деп атадык, анткени тоо - бул кыргыз калкы, ал эми жаңырык - бул калкты ойготуу деген мааниде аталган”,- дейт сүрөтчү.
Айта кетсек, көргөзмө 30-июнга чейин созулат.