Наристени өлүмдөн куткарып калган бишкектик Жумабек Жороев ӨКМнин медалы менен сыйланды

Бишкек шаарынын тургуну Жумабек Жороев 2013-жылдын 26-январь күнү өз өмүрүн тобокелге салып  2 жаштагы Абдулло Исмаиловдун өмүрүн сактап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Мехрибан Сайфудинова аттуу жаран кат аркылуу билдирген. Катта булар айтылат: аталган күнү М.Сайфудинова таштанды төгүп келүү үчүн эки жашар уулу Абдуллону жол боюна калтырып кеткен. Кайра келгенче кичинекей бала Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Ошол учурда баланы көрүп калган Жумабек Жороев дароо жетип барып баланы суудан алып чыккан. Абдулло оор абалда ооруканага жеткирилип, жандандыруучу бөлүмүндө бир аптадан ашык жаткан. Азыркы учурда анын абалы канааттандырарлык. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Мехрибан Сайфудинованын министрликке жазган билдирүүсүн карап чыгып, Абдуллону куткарып калган Жумабек Жороевди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн” төш белгиси менен сыйлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан