Тармактык комитет Бишкек шаарына кошумча көмөк чордондорун курууга багытталган ратификациялык мыйзам долбоору боюнча чечимди кийинки жумага калтырды

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 16-июнда “Бишкек шаарында 2015-жылдын 7-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну (электр менен жабдуунун отчёттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун талкуулады.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, ратификациялык мыйзам долбоору Бишкек шаарын электр кубаты менен камсыздоону жакшыртууга багытталган. Тагыраак айтканда, кошумча көмөк чордондорду (40 мегавольт амперликтен экөө), электр кубатын пайдаланууну эсептегичтерди орнотууга жана кардарларды тейлөөнү автоматташтырууга 25 миллион доллар көлөмүндө каражат (11 миллиондон ашууну грант түрүндө, 13 миллиондон ашууну насыя түрүндө) бөлүнө турган долбоор ишке ашырылмакчы. Насыялык каражатты төлөөнүн жылдык пайызы 0.75 пайыз деп макулдашылган.

Депутат Кожобек Рыспаев бул ратификациялык долбоордо белгиленген жерлерге өлкөнүн “Электросила” жеке ишканасы көмөк чордондорду куруу иштерин баштаганын маалымдап: “Ата мекендик ишканалар куруп берем деп жатса, сырттан карыз акча алып куруунун кандай кажети бар?”- деди. Министр К.Турдубаев ратификациялык долбоордо подстанциялар жеке эле чоң-чоң ишканаларды электр кубаты менен камсыздабай, карапайым элди дагы камсыздагандай кылышы керектигин (социалдык жүктөмдөрдү) айтып, “Электросила” ишканасы куруп жаткан кубаттуулук ага жетпестигин белгиледи. 

Бир катар кызуу талкуудан кийин Энергетика министрлиги менен “Электросила” ишканасы бир пикирге келип, Бишкек шаарына кошумча көмөк чордондорду куруу боюнча айрым маселелер тууралуу орток чечим кабыл алмай болушту. Комитет мүчөлөрү дагы аталган ратификациялык мыйзам долбоорун тараптардын, анын ичинде каржылоочу Дүйнөлүк банктын бир максатты көздөгөн тиешелүү документтери менен келгенде карап талкуулап, чечим кабыл алуу максатында комитеттин келерки жыйынына калтырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан