“Покерди телефондо же интернетте деле ойносо болот”. Бул пикирди 22-февралда өткөн “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында “КРнын букмекердик конторалар жана тотализаторлор бюросунун иши жөнүндө” мыйзамга карата президенттин каршы пикирин талкуулоо учурунда депутат Дастан Бекешев билдирди. «Каржы полициясынын бул оюндар тууралуу маалыматы бар, бирок эч кандай чара көрүшпөйт”,- деди Бекешев. Милдеттүү түрдө патент төлөө ыкмасы киргизилсе, андан түшкөн киреше 20 миллион сомго жете тургандыгын кошумчалады эл өкүлү.