Дамира Ниязалиева: "Балдарга юридикалык билим берүү программасын кайрадан карап чыгуу керек"

"Эгер биздин балдарыбыз өздөрүнүн юридикалык укуктарын жакшы билишсе, алар башкалардын укуктарын бузушпайт. Балдарды укук таанууга окутуу программасын кайрадан карап чыгуу керек",- деп билдирди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 16-июнда Ысык-Көлдө "Зомбулуксуз мектеп: балдарды тарбиялоону өнүктүрүүнүн жаңы ыкмалары" деген семинарда.   
2014-жылы өлкөдө мектеп окуучуларынын катышуусунда 200 укук бузуу фактысы катталганы айтылды. 126 суицид, 70 рэкетчилик, 4 мушташуу фактысы орун алган. "Тарбиялоо процессиндеги бардык татаалдыктарды эске алганда, балдарга тарбия берүүдөгү негизги милдет мугалимдердин моюнуна жүктөлөт",- дейт Ниязалиева. 
Вице-премьер мектеп директорлоруна балдардын арасындагы зомбулук жана суицид фактылары боюнча маалымат берүүнү табыштады. Мындан башка да терс көрүнүштөр тууралуу кабарлап туруу милдетин жүктөгөнүн өкмөттөн кабарлашты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан