Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында жеке жана юридикалык жактардын банктык аманаттарынын сакталышын жакшыртууга, депозиттик каражаттарды төлөп берүү тартибин ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, мыйзам долбоору жеке жана юридикалык жактардын банктык аманаттарынын сакталышына берилүүчү кепилдиктерди бекемдөө максатында иштелип чыккан. "Эгер банк ар кандай тобокелчиликтерден же каржылык каатчылыктардан улам кудуретсиз болуп калса, ал жарандардын же юридикалык жактардын депозиттик каражаттарын төлөп берүүгө тийиш. Андан сырткары депозиттерди төлөө мөөнөтү азыр 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылууда",- деди Абдыгулов.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.