21-февралда Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте “Жер үй” алтын кени боюнча Мамлекеттик агенттигинин директору Ишимбай Чунуев жана өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева жана бир катар тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышты. Чунуев “Жер үй” алтын кенинин иштетүүдөгү экологиялык коопсуздук, уулуу калдыктарды сактоочу жайдын курулуусу, кенди иштетүүдөн түшкөн каржаттардын жергиликтүү жана республикалык бюджетке тийгизген таасири тууралуу маалымат берди. Ошондой эле бир катар жергиликтүү калктын суроолоруна да жооп берди агенттиктин башчысы.