Казакстанда кыргыздын залкар обончу-композитору Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына карата концерт өттү

Түрк тилдүү калктардын маданиятын колдоого багытталган "Түрксой" Эл аралык уюму кыргыздын залкар обончу-композитору Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесинин урматына 15-17-июнь күндөрү Казакстанда кыргыз-казак мааракелик концертин өткөрдү. Репертуардын басымдуу бөлүгүн Жумамүдүн Шералиевдин классикалык ырлары түздү. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматынан кабарлашты.

15-июнь күнү кечинде Алматынын Жамбыл атындагы Мамлекеттик филармониясында башталган концертке Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри, солисттер, Алматынын мамлекеттик филармониясынын артисттери, Жумамүдүн Шералиевдин ырларын ырдаган башка бир катар кыргыз, казак ырчылары катышты.

Концертте кыргыз ырчылары Анарбек Ибраев, Бакыт Шатенов, казак ырчылары Алтынбек Коразбаев, Багдат Самудинова аткарган ырлар залда айрыкча сүрөөн, сурануу жаратты. Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестрине Кыргыз Эл артисттери Сардарбек Жумалиев, Сагынбек Акматалиев, Эмгек сиңирген артист Боронбай Кулахматов дирижёрлук кылышты. Оркестрдин аткаруусундагы кыргыз менен казактын күүлөрү да алматылыктар тарабынан зор канагаттануу менен кабыл алынды.

Негизги өзөгү Жумамүдүн Шералиевдин чыгармаларынан түзүлгөн кыргыз-казак мааракелик концерти андан ары Алматы облусунун Жамбыл районунда уланды. Артисттер казак калкына концерт тартуулоодон сырткары Узун-Агачтагы Жамбыл Жабаевдин үй-музейине, кабырына, атактуу казак композитору Нургыйса Тилендиевдин эстелигине зыярат жасап, эстеликке сүрөткө түшүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан