2015-жылдын 5 айында өлкөдөгү жумушсуздардын саны дээрлик 58 миң адамды түздү

Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 17-июнда 2015-жылдын 5 айындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, расмий катталган жумушсуздардын саны 2015-жылдын май айынын соңунда 57,9 миң адамды түзгөн. Бул 2014-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,6 пайызга аз, 2014-жылдын январь-май айларында 2,5 пайызга төмөндөгөн.

Орточо эмгек акынын реалдуу өсүшүнүн азайышы 1,6 пайызды түзгөн, номиналдык туюнтканда орточо эмгек акы 12 159 сом болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тышкы соода жүгүртүү 2015-жылдын январь-апрель айларында 1 797,4 миллион АКШ долларын түзүп, 2014-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 10,2 пайызга азайган, анын ичинде экспорт 491,3 миллион АКШ долларын (5,2 пайызга көбөйдү), импорт 1 306,1 миллион АКШ долларын (14,9 пайызга азайды) түзгөн.

Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн көбөйүп кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 2014-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 23,7 пайызга азайып, 814,8 миллион АКШ долларын түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан