Президент Кувейт эмиринин администрация жетекчисин кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Кувейт мамлекетинин эмиринин администрация жетекчиси шейх Насер Сабах аль-Ахмед аль-Жабер аль-Сабахты кабыл алды. Бул тууралуу 17-июнда президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Кувейттин ортосунда инвестиция, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында кызматташуу маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелердин түйүндүү аспектилери талкууланды.

Мамлекет башчы Кыргыз Республикасы эки тараптуу мамилелерди түрдүү багыттар боюнча мындан ары ар тараптуу кеңейтүүгө даяр экендигин белгилеп, өлкөлөр ортосундагы бардык деңгээлдеги байланыштарды активдештирүүгө зор маани берерин белгиледи. Ошондой эле тараптар өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү тармактарда конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Шейх Насер Сабах аль-Ахмед аль-Жабер аль-Сабах Алмазбек Атамбаевге Кувейттин эмири шейх Сабах-аль Ахмад аль-Жабер аль-Сабахтын саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан