Темир Сариев Кыргыз Республикасындагы Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директорун кабыл алды

17-июнда премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасындагы Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Рие Хираоканы кабыл алды.

Өкмөттүк аппарат жолугушуунун жүрүшүндө келечектеги кызматташуу маселелери талкууланганын кабарлады. Рие Хираока өкмөт башчыга инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча программанын алкагында кыргыз өкмөтү жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда долбоордун II фазасын ишке ашырууга 20 миллион доллар бөлүү тууралуу келишим жактырылгандыгын маалымдады.

Белгилей кетсек, кыргыз өкмөтү жана Азия өнүктүрүү банкы 1994-жылдан тарта инвестиция, энергетика, транспорт жана билим берүү тармагында кызматташып келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан