Президент Алмазбек Атамбаев 18-июнда Кыргыз Республикасынын элин ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Куттуктоонун тексти:
"Кадырман мекендештер!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мусулмандары!
Кең пейилдүүлүк менен кечиримдүүлүк, береке менен жакшылык айы болгон Орозо айы да кирип келди.
Бул күндөрдү ар бир мусулман баласы чын пейилден күтөт эмеспи. Ыйык Орозо айында ар бир инсан күнүмдүк түйшүктөрдөн, көр оокаттан башты жыйып, Улуу Жаратканга тобо келтирет, күндөр мааниси жок, текке кетип жаткан жокпу, башкаларга жакшылыгым, мээримим тийдиби деп, өмүрдүн маңызы тууралуу ойлонушу зарыл. Орозо баарыбызды тынчтыкка, сабырдуулукка жана ынтымакка үндөйт, жакшы жөрөлгөлөргө, боорукерликке жана тазаланууга жол ачат.
Кымбаттуу мекендештерим, ыйык айда сиздердин асыл тилектер, улуу максаттар кабыл болушун чын жүрөктөн каалайм. Сүйүктүү мекенибизде бейпилдик, биримдик, бакубатчылык өкүм сүрсүн. Ар бириңиздерге аманчылык каалаймын.
Орозобуз кабыл болсун!"