22-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 395 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 169 метр куб, ал эми агып чыгышы секундуна 697 метр кубду түзүүдө. Былтыркы жылы бул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 миллиард 770 миллион метр куб болгон. Ал эми суунун агып кириши секундуна 159 метр куб, агып чыгышы 676 метр кубду түзгөн.