Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 18-июнда парламент жыйынында жалпы депутаттардын атынан жамы журтту Орозо айынын башталышы менен куттуктады.
"Урматтуу депутаттар!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бүгүн Кыргыз Республикасында ыйык Орозо айынын биринчи күнү башталды. Сиздердин атыңыздардан өлкөбүздүн бардык мусулмандарын Орозо айы менен куттуктап, жергебизге тынччылык, элибизге бакубат жашоо каалап кетүүгө уруксат этиңиздер.
Урматтуу мусулмандар, сиздерди ар дайым жакшылык, ийгиликтер коштоп жүрсүн жана туткан орозоңуздар, ибадаттар, тилектер кабыл болсун!"- деди төрага.