Бюджеттик мекемелерге каржылык текшерүү жүргүзүүнүн жаңы стандарттары менен усулдары иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова билдирди.
Анын айтымында, аталган мекеме коррупциялык жосундарды жоюу максатында аудиттин эл аралык стандарттарына өтүп жатат. "Бул багытта Дүйнөлүк банк менен бирге бюджеттик мекеме жана уюмдарга каржылык текшерүү жүргүзүүнүн жаңы стандарттары менен усулдарын иштеп чыктык. Эсептөө палатасынын ишин жакшыртуу багытында аталган банк 630 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Келишимге ылайык, каражат кызматкерлердин кесипкөйлүк деңгээлин көтөрүү, иш усулдарын жакшыртууга жумшалмакчы",- дейт Э.Ибраимова.