Бүгүн, 18-июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында жарандык абалдын акттарын каттоонун автоматташтырылган-маалыматтык системин ишке киргизүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Премьер-министр белгилегендей, бул систем өлкө аймагында жашаган жарандардын тек-жайын аныктаган актуалдуу, так жана толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк ачат. Аталган систем Кыргыз Республикасынын жарандарынын туулгандан көзү өткөнгө чейинки бардык маалыматын өзүнө камтыйт. Жарандык абалдын акттарын каттоонун автоматташтырылган-маалыматтык системи Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылдын 20-майдагы тапшырмасынын негизинде ишке ашууда.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикованын маалыматы боюнча, учурда аталган систем өлкөдөгү Жарандык абал акттарын каттоо органдарынын 59 бөлүмүнө киргизилип, 6 миллион сомдук керектүү жабдыктар менен камсыздалды. 2015-жылдын 1-июлунан тарта толугу менен электрондук отчёттуулукка өтмөкчү.
Жыйында Жарандык абалдын акттарын каттоо органынын ишин жакшыртуунун алкагында Бишкектеги Бакыт үйүнүн имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү маселеси көтөрүлдү. Бул үчүн керек болгон 15 миллион сомду бөлүп берүү маселесин премьер-министр Темир Сариев Каржы министрлиги жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте иштеп чыгуу тапшырмасын берди.