Бүгүн, 22-февралда төрага Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды 23-февраль –Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. “Урматтуу Мекен сакчылары! Сиздерди Жогорку Кеңештин жалпы депутаттарынын атынан Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилден куттуктайм. Ата Мекендин сакчылыгында туруу, анын кол тийгистигин коргоо бардык учурда эң ыйык, өтө ардактуу, ошону менен бирге кыйла жоопкерчиликтүү милдет болуп келген, боло берет. Ар бир жаран үчүн өз Мекенди коргоодон өткөн ыйык милдет жок”,- деп башталган куттуктоодо жоокерлерге, чек арачыларга, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ар дайым урмат кылып, зор ишеним арта турганын билдирет төрага.