Жогорку Кеңеш өлкөгө инвестиция тартуунун шарттарын жакшыртууга багытталган мыйзамды кабыл алды

18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 3-окууда жактырышты.

Айта кетсек, аталган долбоор экономикага инвестиция тартуунун шарттарын жакшыртуу жана жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыккан. Аракеттеги мыйзам мындан үч жыл мурда кабыл алынганына карабастан, ал ушул кезге чейин иштебей келет. Мыйзамдын талаптарына ылайык, эгер инвестор мамлекетке бир долбоор боюнча чогуу иштешүү сунушу менен кайрылса, ал долбоорго тендер жарыяланышы керек. Демилге көтөргөн жеке компания тендерде жеңип чыгышы күмөн, ошондон улам инвесторлор кайрылбай жатышат. Азыркы мыйзам долбоорунда мындай шарт жок. Эгер мамлекет өз демилгеси менен кандайдыр бир инвестициялык долбоорго тендер жарыяласа, 60 күндүн аралыгында жыйынтыгын чыгарып, тендердин жеңүүчүсүнө так жообун бериши керек. Эгер тендердин жеңүүчүсү нааразы болсо, анын маселесин сот чечет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан