Бүгүн, 22-февралда Баисбек Касымбеков КРнын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Эске сала кетсек, 19-февралда президент аталган комитеттин төрагасынын орун басары Нурбек Тулөгабыловду кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.